Тасмалар:
|
||
![]() |
viju TV1000 — Бүт үй-бүлө үчүн чет элдик фильмдердин зор жыйнагы. Жаңы жарык көргөн фильмдер жана таанымал хиттер, дүйнөлүк бестселлерлер жана фестивалдык кинолор. Күлкүлүү комедиялар, фантастикалык боевиктер, татаал детективдер, голливуддук драмалар жана толук метраждуу анимация. Миллиондогон адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапкан миңдеген фильмдер. Чыныгы ачылыш болгон миңдеген окуялар. viju TV1000 менен бирге сезе турган миңдеген сезимдер. | |
![]() |
viju TV1000 русское — көрүүгө татыктуу тасмалар. Баары айтып жаткан сериалдар. viju TV1000 русское менен орус киносунун жаңы жактарын ачыңыз. Белгилүү режиссёрлордун заманбап тасмалары, оригиналдуу сюжеттер, жанрдык көп түрдүүлүк, популярдуу актёрлор жана жаңы жүздөр. Сизди орус киносуна жаңы көз караш күтөт. Бул кинеалдуу болот! | |
![]() |
viju TV1000 action — Абайлаңыз! Алдыда адреналин жана драйвга толгон аймак турат. Мыкты каармандар жана коркунучтуу кылмышкерлер, атайын агенттер жана мафия башчылары, укмуштуу куугунтуктар жана эпикалык жарылуулар. Бул чыныгы эркектер үчүн күжүрмөн кино! Укумуштай экшен, күчтүү атайын эффекттер жана жакшы юмордон турган коктейль. Бул viju TV1000 action. Бул эркектердин аймагы. | |
![]() |
Cinemax LTD — дүйнөлүк кинематографиядан тасмалардын кеңири тандоосун сунуштайт. | |
![]() |
Любимый HD — бул классикалык, заманбап жана даректүү тасмалар жана көңүл ачуучу телепрограммалар: "Сүйүктүү шаар" - эс алуу жана айланабызда болуп жаткан бардык маанилүү окуялар жана иш-чаралар жөнүндө. Саясаттан тышкары бардык кызыктар жөнүндө! "AutoDrive" – унаалар дүйнөсүндөгү эң кызыктуу окуялар. "Дени сак шаар" ар бирибиз үчүн маанилүү болгон маселелер - ден соолук жана сулуулук жөнүндө. | |
![]() |
Семейный — канал балдар үчүн билим берүү программаларын, мультфильмдерди, мультсериалдарды, көркөм тасмаларды, телесериалдарды, музыкалык, ошондой эле көңүл ачуучу жана билим берүүчү телеберүүлөрдүн чоң тандоосун тартуулайт | |
![]() |
Феникс + Кино — үй-бүлөлүк телеканал. Ар бир адам өз табитине ылайык телесериалдарды таба алат - мелодрама, боевик, драма, детектив, элдик вестерн. Каналдын негизин «Феникс-Фильм» компаниясы чыгарган эң атактуу сериалдар түзөт («Менин генералым», «Ар дайым ар дайым деп айт», «Прайм тайм ханышасы» жана башкалар), алар федералдык телеканалдарда прайм – таймда ийгиликтүү көрсөтүлгөн. Бирок эң негизгиси каналдын көрүүчүлөрү «Феникс-Фильмдин» эң жаңы иштеринин баарын биринчилерден болуп көрө алышат, анткени алардын бет ачары дал ушул жерде – «Феникс+Кино» каналында болот. | |
![]() |
Дом кино — ата мекендик киносунун чыныгы баалоочулары үчүн канал. Дүйнө жүзүндөгү көрүүчүлөр үчүн күнү-түнү кынтыксыз сапатта - белгилүү орус режиссерлорунун мыкты тасмалары, блокбастерлер, престиждүү кинофестивалдардын байгелүү тасмалары, ата мекендик кинонун классиктери, жаңы автордук тасмалар, ошондой эле акыркы телесериалдар. “Дом кино” каналынан уникалдуу сунуш – бул экрандарга кино өнөрүнүн баалоочуларынын чоң аудиториясын чогулткан тасмалардын тематикалык ретроспективалары. Ошондой эле каналдан ысымдары орус киносунун тарыхында түбөлүккө кала турган белгилүү актёрлордун, режиссёрлордун жана сценаристтердин туулган күндөрүнө жана чыгармачылык мааракелерине арналган тасмаларды көрө аласыз. “Дом кино” (Кинр үйү) — 24 саат үзгүлтүксүз кино көрсөтүү. | |
![]() |
Дом кино Премиум — акыркы үч жылда кинопрокатка чыккан тасмалар жана сериалдар, премиалдык контент базасы. Орус тасмаларынын дүйнөлүк телекөрсөтүү премьералары – укумуштуу сюжети менен блокбастерлер, күлкүлүү комедиялар жана орусиялык кызыктуу телесериалдар, ошондой эле кино жана теле жылдыздар менен эксклюзивдүү интервьюлар, атайын эфирдик акциялар жана атайын көрсөтүүлөр. | |
![]() |
TV2.KG — HD сапаттагы тасмаларды көрсөткөн жергиликтүү телеканал. | |
![]() |
РОДНОЕ КИНО — азыркы орус тасмаларынын телеканалы. Акыркы он жылдыктагы эң ийгиликтүү жана сүйүктүү ата мекендик тасмалар, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын премьералары эфирде. Бардык жанрдагы жана стилдеги кино. | |
Музыкалык:
|
||
![]() |
Europa Plus TV — популярдуу музыкалык канал. Europa Plus TV телеберүүсүнүн негизин дүйнөлүк жана европалык чарттарда алдыңкы орунду ээлеген клиптер жана хиттер, ошондой эле Европы Плюс форматына туура келген популярдуу орус аткаруучуларынын видеолору түзөт. Эң мыкты дүйнөлүк жана россиялык шоу жана концерттер, шоу-бизнес жаңылыктары, чарттар жана атайын музыкалык бөлүмдөр. |
|
![]() |
TUMAR TV — TUMAR TV берүүлөрүнүн негизин Борбор Азия жылдыздарынын мыкты видеолору, ошондой эле Борбор Азияда жаралган тасмалар жана программалар түзөт. Ток-шоу, фильмдер, хит-параддар, оюн-зоок программалары, эстрада жылдыздарынын концерттери. | |
![]() |
|
|
![]() |
BRIDGE TV — чет элдик популярдуу музыкага арналган телеканал. Эфирде модалуу жаңылыктарды жана ретро музыканы, 90-жылдардын шлягерлерин жана балдарга арналган обондорду тартуулаган программалар бар. Интерактивдүү добуш берүү, SMS чат, мобилдик хит-парад көрүүчүлөрдүн каналды түзүүгө катышуусун камсыздайт. Поп-музыканын прогрессивдүү багыттары, клуб турмушундагы жаңылыктар, эң ири бий окуяларын тартуу – каналдын ди-джейлери өткөргөн рубрикаларында. | |
![]() |
Ля-минор — музыкалык телеканал. Белгилүү артисттердин катышуусунда видеоклиптер, концерттер, көңүл ачкан шоу, даректүү тасмалар жана программалар. Орус мүнөзү менен чыныгы хиттер: заманбап шаардык романтика, фолк-музыка, шансон жана эстрадалык ыр. Күнү-түнү жагымдуу музыка. | |
![]() |
Музыка Первого — Россияда жана чет өлкөлөрдө теле көрүүчүлөрдүн ар кандай муундарынын табитине арналган музыкалык канал. Табиттер боюнча талашып тартышууга болбойт, ошондуктан каналда орус эстрадасы жана рок, заманбап жаштар стили жана дүйнөлүк эстраданын классикасы - бардык музыкалык багыттардын ар түрдүүлүгү күнү-түнү коюлат, демек ар ким өзүнө ылайыктуу музыканы таба алат. | |
![]() |
УТРК Музыка — 16 жаштан 55 жашка чейинки аудиторияга арналган 24 сааттык музыкалык канал. Программада кыргыз аткаруучуларынын клиптери жана ырлары көрсөтүлөт. | |
![]() |
TRTMüzik — түрк музыкалык каналы. Түркиядан жана чет элдик аткаруучулардан музыкалык жаңылыктар. | |
Балдар үчүн:
|
||
![]() |
О! — мектепке чейинки балдар, башталгыч класстын окуучулары жана алардын ата-энелери үчүн ачылыштар аралы. Ар бир бала табиятынан изденүүчү: статистика боюнча төрт жашар бала күнүнө 450дөй суроо берет. телеканалы О! аларга жооп берет! Долбоорлордун биринде асан-үсөн кайдан пайда болот жана үн толкуну эмне экенин түшүндүрүлөт. Башкасы эмне үчүн тишиңизди жуушуңуз же эмдөөдөн өтүшүңүз керектигин түшүндүрөт. Үчүнчүсүндө, эмне үчүн кыйын учурда досуңду колдоп, чоңдорду сыйлаш керек экенин талкуулашат. | |
![]() |
Детский — телеканалы 2005-жылдын март айынан тарта 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн берүүлөрдү күнү-түнү көрсөтө баштаган. Бүгүнкү күндө аны Россиянын ар кайсы аймактарында гана эмес, Казакстанда, Эстонияда, Латвияда, Украинада да жүз миңдеген үй-бүлөлөр көрүп жатышат. Каналдын негиздөөчүсү - Content Union Production & Distribution компаниясы. TNS Media өткөн жылдын май-июнь айларындагы изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча "Детский" балдар үчүн эң популярдуу беш каналдын бири болгон. Телеканал көңүл ачуучу ата мекендик балдар тасмаларын, сериалдарды жана мультипликацияларды, ошондой эле сапаттуу чет элдик анимацияларды тартуулайт. | |
![]() |
Мультимания — 5-11 жаштагы балдарга багытталган орусиялык телеканал. Сүйүктүү мультфильмдер жана мультсериалдар, балдар үчүн билим берүүчү жана маалымат арттыруучу программалар көрсөтүлөт. | |
![]() |
Nickelodeon — бул дүйнөнү баланын көзү менен караган балдардын көңүл ачуу жана билим берүү каналы. Көрүүчүлөр 3-16 жаштагы балдар жана алардын ата-энелери. Канал күлкүлүү, арамза эмес жана абдан боорукер Nickelodeon анимациялык сериалдарын көрсөтөт - "Губка Боб чарчы шым", "Кунг-фу Панда", "Ниндзя ташбакалар", "Саякатчы Даша", ошондой эле балдар сериалдары - "Никки, Рики, Дики, Дон», «Коркунучтуу Генри», «Айбаттуу үй-бүлө» жана башкалар. Nickelodeon мультфильмдери жана сериалдары укмуштуу окуялар, жакшы маанай жана бакыт менен байланышкан - ошондуктан каналды балдар гана эмес, алардын ата-энелери да жакшы көрүшөт, бул көптөгөн изилдөөлөр менен тастыкталган. Nickelodeon - 2011, 2013, 2014 жана 2015-жылдары “Чоң сан” сыйлыктары боюнча эң мыкты балдар телеканалы. | |
![]() |
Nickelodeon HD — бул Россиянын балдарга арналган биринчи HD каналы, бардык сүйүктүү Nickelodeon мультфильмдерин жана сериалдарын жогорку сапатта көрсөтөт. Сүйүктүү каармандарыңыздын укмуштуудай жоруктары ого бетер түстүү, ал эми эмоциялар дагы жаркыраган. Nickelodeon HD жыйнагында бардык курактагы балдар үчүн жогорку сапатта Nickelodeon классикасына айланган бир нече миң сааттык контент камтылган: мектепке чейинки балдар үчүн мультфильмдер - " Саякатчы Даша ", "Умизиуми командасы", "Күчүктөр кайгуулу", "Зак жана Кряк" ; анимациялык сериалдар - "Губка Боб чарчы шым", " Ниндзя таш бакалар", " Саякатчы Даша "; сериал "Сэм жана мышык", " АйКарли ", "Виктория жеңүүчү" жана башка көптөгөн сериал, мультфиьмдер. Каналдын аудиториясы 3 жаштан 16 жашка чейинки балдар жана алардын ата-энелери. | |
![]() |
NickJr. — ата-энелер ишенген мектепке чейинки балдар үчүн билим берүү каналы. Каналдын каармандары менен бирге - " Саякатчы Даша ", "Команда Умизуми", " Күчүктөр кайгуулу" жана башка көптөгөн көрсөтүүлөр менен балдар математиканы, логиканы жана чет тилдерин ойноо жолу менен үйрөнүшөт. Nick Jr. мультфильмдери ыкыластуулукту, кыял чабытты өнүктүрөт, ошондой эле курчап турган дүйнөгө позитивдүү мамилени үйрөтөт жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сиңирет. Каналдын аудиториясы – 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар жана алардын ата-энелери. 2013-жылы “Алтын нур” сыйлыгынын “Россиядагы эң мыкты балдар каналы” номинациясынын ээси. Каналдын мультфильмдери Daytime Emmy Award, The Peabody Awards, Annie Awards жана Prix Jeunesse International сыйлыктарынын жеңүүчүлөрү. | |
![]() |
TRT Çocuk — жаш көрүүчүлөргө арналган телеканал. Белгилүү, кызыктуу мультфильмдер, балдар үчүн телекөрсөтүү. | |
![]() |
УТРК Баластан — 7 жаштан 15 жашка чейинки мектепке чейинки балдарга жана башталгыч класстын окуучуларына багытталган республикадагы биринчи балдар телеканалы. «Баластан» телеканалынын көрүүчүлөрүн орус жана кыргыз тилдеринде билим берүүчү передачалар күтөт. Мындан тышкары «Баластан» ата-энелер үчүн маалымат аянтчасы. Ымыркайларга кам көрүү жана балдарды тарбиялоо боюнча пайдалуу кеңештери бар көптөгөн программалар ар бир адам үчүн кызыктуу болот. | |
![]() |
Карусель — алдыңкы психологдордун, педагогдордун, инновациялык билим берүү программаларынын авторлорунун жардамы менен балдар телепродукциясын чыгаруучу жана ири берүүчүлөрдүн базасында түзүлгөн телеканал. Карусель телеканалы балдардын жана өспүрүмдөрдүн кеңири аудиториясына багытталган. Карусель - бул мыкты билим берүү жана оюн-зоок шоу, сүйүктүү тасмалардын жана мультфильмдердин, кызыктуу викториналардын жана оюн долбоорлорунун жаркын калейдоскобу. Кызыктуу жана жеткиликтүү формада билим берүүчү, өнүктүрүүчү жана оюндук элементтерди айкалыштырган уникалдуу программалар жаш телекөрүүчүлөрдү тарбиялайт, чыгармачылыкты активдештирет жана алардын дүйнө таанымын кеңейтет. | |
Билим берүүчү:
|
||
![]() |
Бобёр — бул ички жасалга дизайнерлердин, архитекторлордун, куруучулардын, ландшафт адистеринин жана башка кесипкөйлөрдүн жамааты, алар өз колдор менен бардык нерселерди кантип жасаса болот экенин айтып берүүгө дайыма даяр. "Бобёр " батирде, үйдө, бакчада жана короодо бюджеттик курулуш, оңдоо, жашылдандыруу, ички жасалгалоо боюнча жаңы идеяларды сунуштайт. | |
![]() |
Поехали! — укмуштуу окуялар үчүн шыктандыруучу катары арналган. Каналдын долбоорлору ар кандай сапарды кантип жаркын жана унутулгус кылууну көрсөтөт. Каналдын берүүлөрү эс алуу же дем алыш күндөрүн кызыктуу өткөрүүнүн ар кандай жолдору жөнүндө гана эмес, үйүңүздөн алыс кетпей эле укмуштуудай эмоциялардын кубатын алуу жөнүндө да айтылат. Каналдын каармандары ар бир сапар дайыма укмуштуу экенин билип, ар бир күндөн ырахат алган адамдар. | |
![]() |
viju Nature — бул сырдуу жана чексиз кооз табият дүйнөсүнө жол көрсөтүүчү. Сиз планетанын бардык булуң-бурчтарын кыдырып, укмуштуудай пейзаждарды жана жапайы жаныбарлардын жашоосунан уникалдуу кадрларды көрө аласыз. Окумуштуулар анча билинбеген фактыларды, ал эми күбөлөр кызыктуу окуяларды айтып беришет. Жөн гана табияттын үнүн ук. | |
![]() |
viju History — бул өткөн кылымдарга кызыктуу саякат. Сиз байыркы цивилизациялардын башатын табасыз, орто кылымдардын сырларын үйрөнүп, азыркынын сырларына кайтып келесиз. Каналдан кызыктуу даректүү долбоорлорду, замандаштардын эскерүүлөрүн, алдыңкы эксперттердин пикирлерин, илимпоздордун көз караштарын жана ишенимдүү фактыларды таба аласыз. | |
![]() |
viju Explore — Viju Explore телеканалы укмуштуу окуяларды издегендер үчүн атайын түзүлгөн. Илимий жетишкендиктер жана күнүмдүк ачылыштар. Адаттан тышкаркы кесиптер жана кызыгуулар. Планетанын ар кайсы бурчтарынан адамдардын укмуштуудай жашоосу. Биздин замандын каармандары - укмуштуудай, тапкыч жана жашоонун бардык түрлөрүн сүйгөндөр менен шыктанууну табыңыз. | |
![]() |
Da Vinci – балдар жана алардын ата-энелери үчүн билим жана ачылыштар ааламы. Биз сизге билим берүүчү телешоулордун, даректүү тасмалардын, оюндардын жана мультфильмдердин бүтүндөй дүйнөсүн сунуштайбыз. Биздин команда кылдаттык менен жана мээримдүүлүк менен эң мыкты билим берүү программаларын тандайт, ошондо сиздин бүт үй-бүлөңүз чогуу окуунун кереметин бөлүшө алат. Биз балдарды чоң ой жүгүртүүгө шыктандырууга аракет кылабыз, ошентип алардын табигый кызыгуусу изилдөөлөр үчүн өмүр бою кумарланууга айланат. Da Vinci телеканалы оюндун эрежелерин өзгөртүп, бүт дүйнөнү титиреткендерди тарбиялоого жардам берет! | |
![]() |
National Geographic — 1888-жылы негизделген жана илимий дүйнөдө чоң кадыр-баркка ээ болгон АКШнын Улуттук географиялык коомунун демилгеси менен түзүлгөн билим берүү каналы. Бул коом илимий изилдөөлөрдү жана экспедицияларды каржылап, ушул эле аталыштагы журналды чыгарат. Каналдын темалары жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, тарых, ар кайсы өлкөлөрдөгү адамдардын жашоосу жана Жер жөнүндөгү илимдерди камтыйт. Каналдын берүүлөрү бардык курактагы көрүүчүлөргө кызыктуу. National Geographic даректүү тасмалары 800дөн ашык эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. | |
![]() |
Nat Geo WILD — өз көрөрмандарына жапайы жаратылыш дүйнөсү жөнүндө эң сонун программаларды сунуштайт, сырларга толгон бул падышалыктын жашоосу жөнүндө айкын жана майда-чүйдөсүнө чейин айтып берет. Жаңы телеканалдын визиттик карточкасы катары “Серенгети дүйнөсү”, “Титан жырткычтары”, “Өлүм чөлкөмү” жана башкалар сыяктуу белгилүү жана популярдуу берүүлөрдүн циклдери саналат. Жаңы National Geographic Wild телеканалы менен жапайы жаратылыш дүйнөсүнө кадам таштаңыз жана анын өкүлдөрү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алыңыз. National Geographic Wild каналы өзүнүн теңдешсиз сапаты, беделинин жана программаларынын таанылышынын аркасында көрүүчүлөргө жаныбарлардын жаратылыш чөйрөсүндөгү жүрүм-турумуна толугу менен арналган уникалдуу, укмуштуудай кызыктуу даректүү материалды тартуулайт. National Geographic Wild кызыктуу окуяларды жана укмуштуудай фотосүрөттөрдү сунуштап, өз көрүүчүлөрүн жапайы жаратылыштын белгисиз дүйнөсүндө, жер бетиндеги эң алыскы жана жетүүгө мүмкүн болбогон жерлерден океандардын чексиз кеңдиктерине чейин унутулгус саякатка чакырат. | |
![]() |
Охота и рыбалка — (Аңчылык жана балык уулоо) — мергенчилик же балык уулоо олжосу үчүн баарын кылууга даяр адамдарды бириктирет. Каналдын көрүүчүлөрү экзотикалык өлкөлөрдө да, коңшу токойлордо да болуп жаткан кызыктуу окуяларга катышышат. Каналдын программаларында аңчылык окуялары жана шаймандарды жана курал-жарактарды сыноо, мергенчиликтин дүйнөлүк тарыхы, талаадагы тамак-аш жана аң уулоо чүйгүндөрү, муз астында балык уулоо жана суу астында мергенчилик, ошондой эле мергенчилик жана балык уулоо жерлеринен жана окуялардан репортаждар камтылган. Дүйнөнүн эң кооз аңчылык жерлеринде эксклюзивдүү тасма тартуу, берүүлөрдүн алып баруучуларынын жана конокторунун энтузиазмы жана кесипкөйлүгү – мунун баары каналды эркектер үчүн гана эмес, бардык адамдар үчүн кызыктуу кылат. | |
![]() |
Ретро — ата мекендик жана чет элдик өндүрүштүн мыкты тасмалары жана телепрограммалары. СССРде, Россияда, АКШда, Батыш жана Чыгыш Европада жаралган көркөм жана даректүү фильмдер, музыкалык-юмордук программалар, телесериалдар жана телеспектаклдер ХХ кылымды чагылдырып, тарых окуу китептерине же эскерүү китептерине караганда жакшыраак баяндайт. “РЕТРО” каналында берилген архивдик мазмундун эл аралык болушу аны башка ностальгиялык каналдардан айырмалап турат. “РЕТРО” телеканалы – бул ХХ кылымдагы дүйнө жана адамдардын ар түрдүүлүгү. | |
![]() |
Драйв — бул өз жашоосун унаасыз, мотоциклсиз жана саякатсыз элестете албагандар үчүн канал. Экстремалдуу айдоо күйөрмандары жана өлкө жана дүйнө жүзү боюнча жайбаракат саякаттарды сүйүүчүлөрү, мотоциклчилер жана унаа антикварлары, жаңы баштаган унаа сүйүүчүлөр жана тажрыйбалуу адистер, рулда отурган эркектер менен аялдар Драйв каналында көргөзмөлөрдөн жана унаа салондордон репортаждарды көрүшөт. жаңы дүйнөлүк жана ата мекендик унаа рыногунан тест-драйвдарды, белгилүү авто эксперттердин комментарийлери, белгилүү маркалар жана тюнинг жөнүндө программалар. «Драйв» каналынын көрүүчүсү унаа айдаганды эле эмес, кесипкөй унаага ээлик кылууну да үйрөнөт, ал өз унаасын сүйүп, айдоодон кантип ырахат алууну түшүнөт. | |
![]() |
Усадьба — бул бардык артыкчылыктары, ырахаттары, көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү менен шаардын сыртындагы жашоону чагылдырган телеканал. Бул жашоо образын жактырган ар бир адамга берүүлөрдүн авторлору жана каармандары эксклюзивдүү маалымат берип, үйдү кантип куруу жана анын ичин жасалгалоо, бакчаны кантип ирээтке келтирүү жана бакчадан мол түшүм алуу, үй алдындагы короону укумуштуу кооз ландшафт паркына айландыруу жана үй коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алмаштырылгыс кеңештерди беришет. Канал сунуш кылган негизги нерсе – бул мейли чоң шаардын жанында, мейли цивилизациядан алыс жайгашкан коттедж кыштагында болсо дагы, айылдын жашоосунан ырахат алуунун рецепттери. | |
![]() |
ВРЕМЯ — кумирлердин каналы. Биздин ЗАМАНдын каармандары, алардын ысымдары баарына тааныш. Алар тарыхка салым кошуп, анын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Биздин кумирлер – телеалпаруучулар, актёрлор, саясатчылар, спортчулар – телевидениенин күзгүсүндө. Алар бир кезде көшөгө артында калган нерселер жөнүндө айтып, доордун тагдырына, өткөн он жылдыктардын негизги окуяларына ой жүгүртүшөт. Өткөн менен азыркыны байланыштырган ВРЕМЯ каналы өлкөбүздүн тарыхына жаңыча көз чаптырууга мүмкүнчүлүк берет. | |
![]() |
Оружие — курал-жарактын жана аскердик техниканын бардык түрлөрү жөнүндө орус тематикалык телеканалы. Берүүлөрдүн программасы курал-жарак темалары боюнча чет элдик жана орусиялык өндүрүүчүлөрдүн даректүү тасмаларынан жана программаларынан турат:
|
|
![]() |
TRT-AVAZ — Түркиянын коомдук телеканалы, Түркияга дос болгон Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн программаларды көрсөтөт. Бул өлкөлөрдүн улуттук өнөрлөрдүн шедеврлерин баяндаган программалар, даректүү тасмалар жана музыкалык программалар түрк тилинде субтитрлер менен көрсөтүлүп, бул тилди үйрөнүүгө жардам берет. | |
Маалымат жана көңүл ачуучу:
|
||
![]() |
РТР Планета — жаңылыктар жана телеберүүлөр, тасмалар жана сериалдар. | |
![]() |
Культура — маданий-агартуу программалары, даректүү тасмалар, балдар жана көркөм программалар, концерттик залдардан, театрлардан, музейлерден берүүлөр. | |
![]() |
Первый канал — (Биринчи канал) – телеканалдын негизин маалымат берүү түзөт. Телеканалдын артыкчылыктары: билим берүү, интеллектуалдык, маданий берүүлөрдүн жана көңүл ачуучу берүүлөргө, анын ичинде эң популярдуу жанр – тасмаларды көрсөтүү, ошондой эле жаңылыктар, коомдук-саясий жана аналитикалык телекөрсөтүү менен байланышкан берүүлөрдүн салттарын сактоо жана өнүктүрүү. | |
![]() |
Телекафе — бул биринчи канал тарабынан даярдалган, тамак-аш даярдоого жана аны менен байланышкан бардык нерсеге арналган телеканал. Дүйнө жүзү боюнча саякаттоо жана түрдүү өлкөлөрдүн кулинардык салттары; дени сак тамактануу жана сергек жашоо; майрамдык тамактарды, чыгыш таттууларын даярдоо боюнча мастер-класс, жашылчаларды өстүрүү, Байыркы Римдеги тойлор, шампандын келип чыгышы, кулинардык шоу – ашпоздордун конкурсу. | |
![]() |
УТРК — республикада болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат берүүчү мамлекеттик телеканал. | |
![]() |
МИР — Шериктештик өлкөлөрүнүн жаңы телекөрсөтүүсү. Жергиликтүү жаңылыктар жана теле берүүлөр, фильмдер жана сериалдар. | |
![]() |
ЭЛТР — көз карандысыз жана объективдүү маалыматтык, билим берүүчү, балдарга арналган, маданий-көңүл ачуучу программалар, бардыгы ЭЛТР телеканалында. | |
![]() |
TV 15-Kyrgyzstan — биринчи эл аралык канал, анда сиз ар кандай табитке ылайыктуу тасмаларды жана сериалдарды таба аласыз. Биздин көңүл аччусу программаларыбыз сизге жакшы маанай тартуулап, контенттин ар түрдүүлүгү эң талаптуу көрүүчүлөрдү да канааттандырат. | ![]() |
НТС HD — көрүүчүлөргө жаңы кызыктуу программаларды сунуштайт: аналитикалык серептерди, социалдык жана маданий долбоорлорду, өзүнүн өндүрүшүнүн көңүл ачуучу шоу, ошондой эле өзүнүн тармактык өнөктөшү - алдыңкы орусиялык НТВ компаниясынын мыкты продуктуларын көрсөтөт. |
![]() |
Кухня ТВ — бул кулинария жана ашпозчулук өнөрү тууралуу телеканал. Жандуу гастрономиялык шоу жана саякаттар, экзотикалык рецепттер, мыкты ашпоздордун эң сонун мастер-класстары жана үй тамактары. Жакшы маанайдын даамы! | |
![]() |
ТНВ Планета — Татарстан Республикасынын эки мамлекеттик тилдеринде - татар жана орус тилинде берүүлөр, күн сайын 22 сааттык берүүлөрдү камсыз кылат. | |
![]() |
Беларусь24 — мамлекеттик коммерциялык эмес телеканал болуп саналат, ал өлкөнүн чегинен тышкары күнү-түнү обого чыгарат жана этникалык беларустар менен алардын тарыхый мекени ортосунда маалыматтык байланышты камсыз кылат. Берүү белорус жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. | |
![]() |
ИНДИЙСКОЕ КИНО — Болливуддун "алтын коллекциясынан" классикалык тасмалар, заманбап блокбастерлер жана кассалык рекордсмендер, престиждүү кино сыйлыктардын лауреаттары жана жеңүүчүлөрү. Сиздин экранда Индия киносунун бардык палитрасы! | |
![]() |
Comedy Central — америкалык Comedy Central телеканалынын жергиликтүү версиясы болгон орусиялык адистештирилген көңүл ачуучу телеканал. Телеканалда чет элдик жана орусиялык ситкомдор, комедиялык сериалдар, шоу, скетчтер, толук метраждуу комедиялар жана мультфильмдер көрсөтүлөт. | |
![]() |
SilkWay — JibekJoly телеканалынын эл аралык эфирдик бөлүмү. SilkWay — HotbIRD 13B, Galaxy 19 жана Measat 3A спутниктери аркылуу төрт континенттин 118 өлкөсүнө обого чыккан Казакстан Республикасынын биринчи улуттук спутниктик телеканалы. Каналдын контентин 100% ата мекендик өндүрүш түзөт. | |
![]() |
TV1.KG — бул КГ аймагындагы күнү-түнү иштеген көп маданияттуу жана “ар-түрдүү” телеканал, бардык IP түйүндөрүндө өркүндөтүлгөн форматта, HD сапатта. | |
![]() |
Deutsche Welle — Европадагы эң акыркы жана эң маанилүү окуялар. Кеңири багыттагы маселелер жана темалар - глобалдык мурастан экологиялык көйгөйлөргө чейин. Европанын саясий жана экономикалык турмушу, мода, маданият, тарых, спорт, аба ырайы. | |
![]() |
Живи! — сулуулук, туура тамактануу жана фитнес дисциплиналары тууралуу 24 саат бою көрсөтүлүүчү телеканал. Суткасына 24 саат, жумасына 7 күн каналдын инструкторлору йога, бий, дем алуу көнүгүүлөрү, пилатес жана уникалдуу патенттелген айыктыруу ыкмалары боюнча тренинг өткөрүшөт. | |
![]() |
Домашний — үй-бүлөлүк телеканал, ал актуалдуу темаларда: кулинария, үйдү оңдоо жана шөкөттөө, медицина жана ден соолук, үй-бүлөлүк көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору, жаныбарлар жана саякаттар боюнча көрсөтүүлөрдү көрсөтөт. Ошондой эле берүүлөрдүн графигинде жакшы үй-бүлөлүк тасмалар жана сериалдар бар. | |
![]() |
НТВ KG — берүүлөрдүн негизин маалыматтык- публицистикалык берүүлөр - жаңылыктар жана аналитикалык программалар, коомдук-саясий ток-шоу, журналисттик иликтөөлөр, даректүү тасмалар циклдери түзөт. Ошол эле учурда канал бир топ көлөмдө спорттук берүүлөрдү, үй-бүлөлүк көрүү үчүн көңүл ачуучу жана билим берүүчү программаларды, сериалдарды (негизинен криминалдык жанрда) тартуулайт. | |
Жаңылыктар:
|
||
![]() |
Россия 24 — Орусиянын маалымат каналы (Вести 24), ал күнү-түнү түз эфирде өлкөдө болуп жаткан окуяларды чагылдырат. Ар бир жарым саат сайын чыгарылуучу федералдык жаңылыктардын он беш мүнөттүк эки блогунун ортосунда канал аймактардан түз берүүлөрдү, ошондой эле маданият, экономика жана спорт жаңылыктарын камсыздайт. | |
![]() |
Euronews — дүйнө жүзүндөгү окуяларга Европанын көз карашы. Ар кандай саясий багыттардан көз карандысыздык жогору объективдүүлүктү кепилдейт. 11 тилде күнү-түнү берүү. | |
![]() |
AlJazeera — эл аралык маалымат каналы болуп саналат. Бул дүйнөдөгү эң белгилүү жаңылык телеканалдарынын бири. Ар бир саат сайын дүйнөдөгү акыркы жаңылыктарды камтыйт. | |
![]() |
МИР 24 — шериктештик өлкөлөрүнүн маалымат жана жаңылык каналы. Күнү-түнү дүйнөдөгү акыркы жана эң кызыктуу жаңылыктарды берүү. | |
![]() |
UA|TV — бул Украинанын чет элдик берүүлөрү үчүн мамлекеттик телеканал, кеңири чет элдик аудиторияга багытталган жана бүткүл дүйнөгө Украинадан жана Украина жөнүндө объективдүү, актуалдуу жана кызыктуу маалыматтарды жеткирүү үчүн арналган. Телеберүү англис, орус, украин, араб жана крым-татар тилдеринде жүргүзүлөт | |
Спорт:
|
||
![]() |
viju+ Sport — viju+ Sport менен спорттун драйв дүйнөсүнө аралашыңыз! MLB бейсбол матчтары, Риодон бразилиялык футбол, Швеция менен Финляндиядан хоккей беттештери, Түркиянын Супер лигасынын баскетбол беттештери. Стол тенниси боюнча эркектердин жана аялдардын Про-сериялары, дүйнөлүк бокстун алтын фондусунун беттештери жана iju snooker cup каналынын эксклюзивдүү долбоору! Түз берүүлөр, көңүл ачуучу программалары, жаңылыктар, атайын репортаждар – баары спорттун негизги түрлөрүн баалагандар үчүн! | |
![]() |
Setanta Sport 1 — 1 дүйнө жүзү боюнча стадиондордон жана спорт аянтчаларынан түз берүүлөрдү камсыз кылат. Футбол матчтарын трансляциялоого эксклюзивдүү укуктар:
|
|
![]() |
Setanta Sport 2 — дагы кызыктуу спорттук окуялар: футбол, бокс, ошондой эле НХЛ, КХЛ беттештери. | |
![]() |
УТРК Спорт — Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын телеберүү үй-бүлөсүнө кирген Кыргызстандагы биринчи спорт каналы. Канал атайын адистештирилген - спорттук темалар жана адамдын дене саламаттыгынын маданияты боюнча телепродукцияларды түзүүгө жана жайылтууга багытталган. | |
![]() |
TRTSpor — Түркияда болуп жаткан спорттук иш-чараларга арналган түрк телеканалы, ошондой эле ал дүйнөлүк спорттук иш-чараларды көрсөтөт. | |
![]() |
KHL — KHL матчтарынын күнүмдүк түз берүүлөрү! Континенталдык жана Жаштар хоккей лигаларынын түз матчтары, аналитикалык жана маалымат программалары, күнүмдүк жана жумалык оюндарга сереп салуулар, оюнчулардын, машыктыруучулардын жана хоккей менежерлеринин портреттери, хоккей тарыхы боюнча программалар. | |
Чоңдор үчүн:
|
||
![]() |
РУССКАЯ НОЧЬ — эротикалык телеканал. Эротикалык искусствонун мыкты салттарында орус жана чет өлкөлүк тасмалар жана сериалдар, телевизиондук шоу жана клиптер. | |
ТВ жөнүндө көбүрөөк маалымат:
|
Сиз ошондой эле интерактивдүү функцияларды колдоно аласыз:
«Аба ырайы» — учурдагы жана кийинки күнгө болжол.
«Так убакыт» — так датасы жана убактысы жөнүндө маалымдайт.
«Радио» — 25 эң популярдуу радиостанциялар.
«Оюндар» — приставка пультунан башкарылуучу кызыктуу оюндардын жыйындысы. Учурда жеткиликтүү оюндар Sudoku, Lines, жана “Букалар жана уйлар”, бирок башкалар жакында жеткиликтүү болот.
«ТВ гид» — телеканалдар үчүн берүүлөрдүн программасы.
«Жазуу функциясы» — сүйүктүү программаларыңызды жазыңыз жана каалаган убакта көрүңүз.
«Тандалган телепрограмманын чыгуу убактысын эске салуу» — тутум сизге сүйүктүү программаңыздын башталышын эскертип, каалаган телеканалга өтүүнү сунуштайт.
«Сүйүктүү каналдардын пакетин түзүү» — ыңгайлуу ырааттуулукта сүйүктүү телеканалдардын тизмеси.
«Профиль» - бул ар бир үй-бүлө мүчөсү үчүн тандалган телеканалдардын өзүңүздүн пакетин түзүү мүмкүнчүлүгү. Үч профиль жеткиликтүү: "Ата", "Апа" жана "Үй-бүлө".
«Жаңылыктар» - алдыңкы маалымат агенттиктеринин жаңылыктар тасмалары. Ариптин өлчөмүн жана сүрөттү тандоо мүмкүнчүлүгү.
«Астрологиялык божомол» - ар бир зодиак белгиси үчүн күнүмдүк болжолдоо.